• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

"Манас" эл аралык аэропорту ICAO аудитинен ийгиликтүү өттү – Манасбек Самидинов

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. 2024-жылдагы ICAO аудитинен ийгиликтүү өтүү "Манас" эл аралык аэропорту" ААК үчүн эң маанилүү окуя болду. Бул тууралуу башкармалыктын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал мындай алгылыктуу жыйынтык аэропорттун кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгүнүн жана мындай ийгиликтерге жетишүүгө кошкон салымы үчүн жоопкерчилигинин далили экенин белгилеп, аудиттин мыкты деңгээлде өтүшүнө салым кошкон кызматкерлер ыраазычылык каттар жана эстеликке сааттар менен сыйланганын кошумчалады.

"Бул сыйлыктар талыкпаган эмгек жана ишке жоопкерчилик мамиле кылуу үчүн баа берүүнү чагылдырат. Эл аралык стандарттарга жооп берүү үчүн жамааттык күч-аракет менен "Манас" аэропорту аймактагы алдыңкы авиатүйүндөрдүн бири катары беделин тастыктайт жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун, ыңгайлуулугун эң жогорку деңгээлде камсыз кылууга даяр. Жалпы ийгиликтерге ар бир кызматкер өз салымын кошту жана сыйлыктар алардын компанияга жана өлкөгө көрсөткөн кызматтарын адилет баалоо болуп саналат",- деп жазды Манасбек Самидинов.

Пикир

Оставить комментарий