• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Манас районунда автобекетке караштуу жер мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Манас районунда автобекетке караштуу 0,28 га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда Манас районунун Покровка (Семетей) айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы токтомунун негизинде “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын Талас филиалына тиешелүү 0,28 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү максатында облустук прокуратура тарабынан прокурордук акт келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен жер тилке толугу менен Талас облустук автовокзалдар, автостанциялар жана автокассалар мамлекеттик ишканасынын балансына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий