• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Манас районунда милиция зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Манас районунда милиция зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлору милициянын көчмө кабылдамасы менен жарандарды кабыл алып, андан тышкары, "Улукман" лицейинде билим берүү, социалдык бөлүм, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда окуучулар менен жолугушуу уюштурушту.

Покровка айылында жайгашкан лицейдин окуучуларына зордук-зомбулуктун түрлөрү, кантип зомбулукка кабылып калбоо керек жана зомбулукка кабылганда кандай чаралар көрүлүшү керектигин айтышты.

Укуктарынан тышкары окуучулар милдеттерин дагы толук билүү керектиги, ата-энелерине, улуу кичүүлөргө сый мамиле жасаганды жана тартиптүү жүрүм-турум эрежелерин сактоону да белгилеп өтүштү. Жолугушууда окуучулар активдүү катышып, эрте никеге туруу жана ал боюнча кылмыш жоопкерчилиги сыяктуу суроолор берилип, кызыктырган маселелер талкууга алынды.

Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жашы жете электерге толук кандуу юридикалык жактан түшүндүрмөлөрдү берип, милиция тараптан кандай гана жардам болбосун дайыма даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий