• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Марат Тагаев ар түрдүү видеолорду таратып жаткан Мелис Аспековдун өтмүшүн эстетти

Коом 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев социалдык тармакка билдирүү жазып, ар түрдүү видеолорду таратып аткан Мелис Аспеков аттуу жарандын өтмүшүн эстетип коюну туура көргөн.

"Мелис Аспековдун видеолорун көрүп, анан аны көбүртүп-жабыртып таратып аткан адамдарды көрүп мунун өтмүшүн эстетип коеюн дедим. Бул эч кандай кошомат эмес. Ушул фейсбукта отурган баарыбыз билип-көрүп, баш чайкап жүргөн эле иштер. Өзгөчө саясаттан алыс жаштар үчүн мунун таржымалын эстетип коюу менин адамдык милдетим.

Мелис Аспековдун жогорку деңгээлдеги алдамчы экенин эч ким талашпайт. Ал акыркы 15 жылда алаяктыктын түрдүү формасын көргөзгөн", - деди ал.

Тагаевдин айтымында, Аспековдун жалганчы экени тээ илгери үй-бүлө курууда эле башталган. Белгилүү бир кишинин кызын алып, пайдасын көрүп анан ажырашып жолуна түшкөн.

"2010-жылдан кийин болсо активист болуп чыга келген. “Ата Мекен” партиясынын Жаштар канатынын лидеримин деп жалган айтып, кыска убакытта бир топ кишини алдаганга үлгүргөн.

Апрель революциясынан кийин мурдагы премьер-министр Азим Исабековдун аялына барып, Өмүрбек Текебаев Москвага Путин менен жолукканга баратат, мен да барам деп алдап, ар кандай убадаларды берип 8500 долларын алдап кеткен.

Ошентип “Ата Мекенден” бат эле айдалган.

Башкы прокурор болгон Кубатбек Байболовдун атын сатып, прокуратурага жумушка киргизем, Кумтөргө орноштурам, АКШга кетирем деп бирөөнөн 8 миң доллар алдап алган. Бул иш боюнча эки ай камалып чыккан.

Ушул эле фейсбукта отурган Айжан эжебизди дагы бир канча миң долларга алдап кеткени белгилүү.

Маркум Чыныбай Турсунбековдон кантип акча опузалаганын Чыныбай аке Жогорку Кеңеште айтып, сыздаган", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий