• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Марипов Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Германиядагы ардактуу консулдары Карл Элердинг, Райнхольд Краммель, Хольштайн Крошк, ошондой эле «KNAUF» компаниясынын КМШ өлкөлөрү боюнча директору Александр Блумхард менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин башчысы КРнын ардактуу консулдары катары алардын эки өлкө ортосундагы достук мамилени өнүктүрүүгө болгон салымын белгиледи.

«Сиздер биздин республиканы Германиянын ишкер чөйрө өкүлдөрү менен байланыштууруучу маанилүү көпүрө болуп саналасыздар. Кыргыз Республикасы Германия Федеративдик Республикасын Европадагы негизги жана маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары карайт жана биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр. Эки өлкөнүн саясий кызматташтыгынын жогорку деңгээлин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Европа биримдиги өлкөлөрү менен кызматташуусундагы Германиянын өзгөчө ролун белгилеп кетким келет. Сиздердин ийгиликтүү ишмердигиңиздер Германиядан жаңы инвестицияларды жана технологияларды тартууда үлгү жарата алат. Министрлер Кабинети өлкөгө германиялык компанияларды жана технологияларды татуу боюнча ишти активдештирүүгө даяр», - деди Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун жана өнөктөштүктүн келечектеги маселелери талкууланды.

Герман тарап Министрлер Кабинетине караштуу инвестициялык кеңешти түзүүнү сунуштады. Мындан тышкары, кесиптик-техникалык билим берүү жана туризм тармагында кадрларды даярдоо, органикалык продуктуларды өндүрүү, экологиялык резервуарларды орнотуу, унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча маалыматтык тутумду ишке киргизүү жана курулуш материалдарын өндүрүү жаатында кызматташуу боюнча сунуштарды киргизди.

Улукбек Марипов белгилегендей, министрлер кабинети сунуштарды карап чыгууга жана мындан ары карай кызматташтыкты тереңдетүү үчүн күч-аракетти жумшоого даяр.

Пикир

Оставить комментарий