• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстан президенти калктын физикалык даярдыгына баа берүүнү тапшырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Өзбекстан президентинин токтомуна ылайык, 2021-жылдын 1-августунан тартып калктын физикалык даярдыгынын деңгээлине баа бере турган система ишке киргизилет.

Бул максатта жылына бир жолу 11 жаш категориясында спорттук сыноо өткөрүлөт.

Мелдештин катышуучуларына спорттук разряддар жана деңгээли менен ээлеген ордуна жараша наам ыйгарылат.

Спорттук сыноолордун атайын талабын ийгиликтүү аткаргандарга баалоонун жаш көрсөткүчү боюнча жыл бою жеңилдиктер жана акы төлөп аскерге кызмат өтөөдө 50% жеңилдик берилет.

Биринчи орундун ээлери тестсиз «Темурбеклар мактабине» («Темурбековдор мектебине») тапшырышып, көп тармактуу медициналык мекемелерде бекер текшерүүдөн өтө алышат.

Пикир

Оставить комментарий