Адам баласынын каза болушу чоң жоготуу. Айрылууну жакындарынын көтөрүшү кыйын. Бирок элибизде ушундай оор абалда дагы белин бекем бууп, маркумду акыркы сапарга татыктуу узатуу чараларын көрүп келишет. Адамды көмүүгө байланыштуу көптөгөн каада-салт, ырым-жырымдар бар. Алардын арасында жыртыш таратуу өлкөбүздүн бардык аймактарында жайылган. Бул ирет мына ушул жыртыш берүү тууралуу айтып бермекчибиз.
Жыртыш - кездеменин жыртып алынган бөлүгү. Өлгөн кишинин сөөгүн алып чыгаарда аялдарга таркатылган. Жыртыш карыган киши каза болгондо гана берилген. Бул байыркы мезгилдерден калган салт. Эзелтен көп жашаган же өтө кадырман киши каза болгондо., аларга тиешелүү касиеттүү сапаттар көзү тирүүлөргө өтсүн деген ишеним менен алардын кийимин жыртып алып кетишкен. Мезгилдин нугуна жараша жыртыш берүү жаңы салттары киргендигин байкоого болот. Учурда маркумду акыркы сапарга узатууга келген эркектерге жана аялдарга бет аарчы таратылат.
Айрым булактарда айтылгандай, эркек өлсө барган аялдарга эчтеме берилүүчү эмес. Эгерде өлгөн киши аял болсо, анын эри бардар болсо, эркектерге мүчө (каза болгон адамдын кийимдерин жана өздүк буюмдарын таркатып берүү), аялдарга жыртыш берүүчү. Жыртышка жыртып бөлүп алгандай кездеме, учук жибек жип сапталган ийне, шакек коюлуучу. Аялдар жыртышка тийген олжону талап бөлүп алышчу.
Кыргыздардан айырмаланып кытайлык кыргыздарда аялдарга жыртыш катары ийне-жип, самын, кебез, бир чарчыдай кездеме берилет. Андан сырткары аял-эркектердин баарына мата-чепкен да тартылат (муну колунда бар гана адамдар тарата алат).
Ал эми ислам дининде жыртыш берүү маселеси тууралуу эмне айтылат? Бул тууралуу Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулунан сурадык. Анын айтымында, жыртыш берүү тууралуу динде каралган эмес. “Жыртыш маселеси динде каралган эмес. Муну кылбай койгон киши күнөөгө батпайт. Ошондуктан бул салт эле десек болот. Динде жыртыш берүү жок”, - деди Бактияр ажы Токтогазы уулу.
Пикир
Оставить комментарий