• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Качан турмуш курарыңызды алаканыңыздан билсеңиз болот

Дүр дүйнө 0

Адам баласы жашоосунда эки нерседен жаңылбашы керек дейт. Биринчиси эмгектене турган кесибинен, экинчиси өмүрлүк жарын тандоодон. Мына ошол эң маанилүү үй-бүлө куруу күнү качан болоорун жылдыз санабай, көз ачыкка барбай эле алаканыңыздан билип алсаңыз болот. Бул төлгө салуу түрү хиромантия деп аталат.

Хиромантияда алакандагы нике сызыкчасы аркылуу сүйүүңүздү качан жолуктураарыңызды, качан турмуш кураарыңызды, атүгүл никеңиздин канчага чейин созулаарын болжосо болот. Алакандагы нике сызыкчасы – чыпалактын түбүндөгү сызыкча менен терең , узун сызыктын ортосундагы туура сызыкча. Аны табуу үчүн оң алаканыңызды ачып, чыпалагыңыздын алдын караңыз.

Сүрөттө кызыл менен белгиленген сызыкча сиздин сүйүү сызыкчаңыз. Таптыңызбы? Эми анын формасына, жайгашкан жерине көңүл буруңуз.

Сызыкчанын узундугу бул никенин узундугу, ал эмимамилеңердин бекем болушу сызыкчанын тереңдигине байланыштуу. Эгер нике сызыкчасы даана байкалган жана узун болсо анда сиздин никеңиздин көп жылдарга созулуп, бекем болушуна шек жок.

Ал эми канча жашыңызда турмуш кураарыңызды нике сызыкчанын жайгашкан жеринен биле аласыз. Чыпалактын түбүндөгү линия менен сөөмөйгө чейин уланган терең сызыктын ортосундагы аралыкты 50 жыл деп эсептейбиз. Нике сызыкчасы эки линиянын так ортосунда жайгашса 25 жашыңызда турмуш курасыз, эгер орто ченинен кичине ылдый болсо 22-23 жашыңызда, айтор көз болжол менен үйлөнө турган жашыңызды эсептей аласыз.

Сүрөттө көрсөтүлгөндөй сызыкча башталышында же аягында эки ачага бөлүнсө, бул карым-катнаштын үзүлүшүн же ажырашууну билдирет. Ал эми экинчи варианттай аягы тегерек формада болсо бул үй-бүлөдөгү урушуу же пикир келишпестиктен кабар берет.

Бирок белгилей кетчү нерсе алаканыңыздагы белгилер бул тагдырдын сизге берген мүмкүнчүлүктөрү гана. Аны сиз кандай колдоносуз албетте сиздин тандооңуз.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий