Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы (КНА) 2021-жылы март айында күйүүчү-майлоочу майдын баасы 9-10%га кымбатташы мүмкүн деп болжолдоодо. Бул тууралуу ассоциациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, нефти продукциясынын республиканын аймагындагы азыркы коруна жүргүзүлгөн анализдин жана Россияда нефти продукциясына баанынын актуалдуулугунун негизинде Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы ушул жылы март айында күйүүчү-майлоочу майдын баасы орточо 9-10%га кымбатташы мүмкүн деп болжолдоодо.
Ага карабастан нефтетрейдер-компаниялар баанын өсүшүн жөнгө салуу саясатын жүргүзүп, күйүүчү май рыногундагы кескин өзгөрүүлөргө жол бербөөгө аракеттерин көрүүгө ниеттенүүдө.
Пикир
Оставить комментарий