• 87
  • 90.63
  • 0.79

Таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионаты. Кыргызстандыктар биринчи күнү 20 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. 30-ноябрда Бишкек шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионаттын расмий ачылыш аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Саха (Якутия) Республикасынын башчысы Айсен Николаев, Эл аралык мас-рестлинг федерациясынын президенти Александр Акимов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов катышты.

Дүйнө чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 20 медаль (5 алтын, 7 күмүш, 8 коло) жеңди:

Чоңдор арасында (эркектер):

  • 60 кг Азиз Асанов - алтын;
  • +125кг Абдель Эсенгулов - алтын;
  • 90 кг Русланбек Чыныбек уулу - күмүш;
  • 105 кг Келдибек Атайбек уулу - күмүш;
  • 125 кг Улукбек Ырысбаев - күмүш.

Чоңдор арасында (кыз-келиндер):

  • 75 кг Назия Майлибашева - алтын;
  • 85 кг Дильдора Рахманова - коло;

Жаштар арасында (эркектер):

  • 50 кг Рамиль Карыбаев - алтын;
  • 70 кг Жанарбек Турдушев - коло;
  • +80 кг Байсал Асанов - коло;
  • 50 кг Ильгиз Абалбеков - коло;
  • +80 кг Ратбек Басылбеков - коло.

Жаштар арасында (кыздар):

  • +70 кг Рамина Көчкөнбаева - алтын;
  • 50 кг Айнура Урумова- коло
  • 50 кг Фатима Абыкеева - коло;
  • +70 кг Санирабига Жусупова - коло.

Ардагерлер арасында (аялдар):

  • +65 кг Эхтибархан Сулейманова - күмүш;
  • 65 кг Марина Бейшеналиева - коло.

Кыргызстандын курама командасын турнирге башкы машыктыруучу Марат Раматов жетекчилиги алдында катышууда.

Пикир

Оставить комментарий