Өлкө аймагына унаа тетиктерин мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Бажычылар өлкө аймагына унаа тетиктерин мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныктады.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, мурда колдонулган унаа тетиктери Литвадан унаа менен ташылып келген. Унаага карата бажы операциялары жүргүзүлгөн. Бирок, унаа тетиктери бажы органына өз убагында көрсөтүлбөй, тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөнбөй келген.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 207 миң 928 сомду түзгөн.

Факты КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий