• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Медербек Сатыев: Сот системасында кадр саясаты өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Сот системасында кадр саясаты өзгөрдү.Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Аксы райондук сотунда судьялар жана аппарат кызматкерлери менен болгон жолугушууда билдирди.

Төрага жергиликтүү сотторго жумушка келген кадрлар дароо эле жогорку кызматка дайындалбашы керектигин баса белгиледи.

"Сот системасында карьерасын баштагысы келген ар бир адам адегенде ишмердүүлүгүн эң негизги иштерден баштап, мыкты адис болуп жетилүүгө аракет кылышы керек", – деп белгиледи Сатыев.

Ошондой эле жергиликтүү соттордун төрагалары кызматкерлеринин өз убагында квалификациясын жогорулатууну камсыздап, алардын кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө умтулушу керектиги белгиленди. Ал эми ишине жоопкерчиликсиз жана ак ниетсиз иштеген кызматкерлерден тез арылуу керектиги айтылды.

Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбековго электрондук архивге өтүүнү баштоо тапшырылды, ал эми Сот департаментинин облустук башкармалыгынын башчысына кыска мөөнөттө биринчи инстанциядагы сотто заманбап архивди уюштуруу үчүн керектүү оргтехника менен камсыз кылуу талабы коюлду.

Мындан тышкары, Азат Доулбеков сот чечимдерин аткаруу пайызын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

Ошону менен бирге Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Алмаз Токтосунов Аксы райондук сотунун жаңы административдик имаратын куруу боюнча даярдыктын этаптары тууралуу кеңири маалымат берди жана имаратты тургузуу үчүн жер тилкесине мамлекеттик акт алынганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий