• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Медербек Сатыев: Соттор эски көз караштан арылып, жаңыча иш алып барышы керек

Аймак 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Соттор эски көз караштан арылып, жаңы нукта иш алып барышы керек. Бул туурасында бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Майлуу-Суу шаардык сотунун жамааты менен болгон жолугушууда билдирди.

Жогорку соттун төрагасы аталган соттун төрагасы Женишбек уулу Жолдошбек тосуп алды.

Төрага жамаат менен жыйын куруп, соттор эски көз караштан чыгып, жаңы нукта иш алып баруу керек экендигин айтты.

Майлуу-Суу шаардык сотунун төрагасы Женишбек уулу Жолдошбек 2024-жылдын 9 айында 355 иш каралып, 9 жеке аныктама чыгарылгандыгын айтты.

Медербек Сатыев иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, өз мөөнөттөрүндө карап, адилеттүү, мыйзамдуу жана негиздүү чечимдердин кабыл алынышын талап кылды.

Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасы сот приставдары менен сот аткаруучулардын иштерине дагы кызыгып, аткаруу өндүрүшү туурасында сурады.

Аталган соттун улук сот аткаруучусу Самат Кушубаков өткөн жылы соттордун чечимдеринин аткаруу өндүрүшү 29, 69% түзсө, быйыл көрсөткүч 50%га жеткенин маалымдады.

Төрага сот тутумун материалдык-техникалык жактан камсыздоону жогорулатуу жана сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү сот реформасынын негизги багыттарынын бири экендигин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө аталган соттун имараты эки кабаттуу болуп, ар бир сот кызматкеринин өзүнчө бөлмөлөрү, архив, эки сот отурум залы, жашы жете элек балдардын бөлмөсү бар.

Соттордун, сот кызматкерлеринин жана жарандардын коопсуздуктары үчүн шарттар каралып, бардык заманбап талаптарына жооп бере турган сот имарат.

Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын пандус дагы орнотулган.

Майлуу-Суу шаардык сотунда эки судья, 15 кызматкер, 3 сот аткаруучу жана 5 сот приставы эмгектенишет.

Пикир

Оставить комментарий