• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин Медеров көчөсүндө жаңы тротуар салынууда

Коом 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Медеров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуардагы эски асфальтты сыйруу иштери жыйынтыкталды.

Ал эми Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки аралыгында ирригация системасы орнотулду. Агрардык университеттен Тыныстанов көчөсүнө чейин жана Панфилов көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейин тротуар бордюру орнотулду.

Жогорудагы иштердин баары аталган көчөнүн түштүк тарабында жүргүзүлүүдө, ал эми түндүк тарабында Байтик Баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө карай эски асфальтты сыйруу иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий