• 87
  • 90.41
  • 0.84

Медиктердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу артыкчылыктуу маселелердин бири – Шакирова

Ден соолук 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Медиктердин кесипкөйлүгүн жогоруталуу артыкчылыктуу маселелердин бири болуп саналат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “МЕДСИ: Компетенциялардын медицинасы” маалымат жыйынында КР президентинин администрациясынын өкүлү Гүлмира Шакирова билдирди.

Ал эки күн аралыгында Россиялык медиктер чоң иштерди жасап, бейтаптарды текшерүүдөн өткөрүшкөнүн билдирди.

“Президенттин администрациясынын, жеке өзүмдүн жана жарандардын атынан сиздерге чоң ыраазычылык билдирем”, - деди Шакирова.

Ал белгилегендей, бүгүнкү жолугушуу Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашыруунун шартында чоң актуалдуулукка ээ, анткени саламаттык сактоо КРнын башкы социалдык багыттарынын бири болуп саналат жана дени сак жана ырааттуу өнүгүп жаткан коом анын актуалдуу өнүгүүсүнүн ачкычы бойдон калууда.

“Биз бүгүнкү күндө заманбап медицинанын мүмкүнчүлүгү чексиз экенин жакшы түшүнөбүз жана Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумунун ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн медициналык практикага жаңы технологияларды жана ыкмаларды жайылтуу зарыл. Учурда республикада Россия, Түркия, Кытай, Индиядан жана башка чет өлкөлөрдөн ар тармактуу мамлекеттик эмес ири медициналык борборлор иштеп жатат. Бүгүнкү күндө биздин республиканын мыйзамдары жаңы медициналык мекемелер үчүн кыйла либералдуу жана жагымдуу. Мындан тышкары, ЕАЭБдин бирдиктүү укуктук базасы бир катар ири медициналык долбоорлорду ишке киргизүүгө жана ишке ашырууга мүмкүндүк берет”, - деди ал.

Шакирова медиктердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселеси КРны 2026-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасынын алкагында артыкчылыктуу маселелердин бири болуп саналарын белгиледи.

Эскерте кетсек, Россиядагы алдыңкы клиникалардын бири “МЕДСИ” компаниялар тобунун өкүлдөрү Бишкекке келди. Аталган россиялык клиниканын алдыңкы кесипкөй дарыгерлери 4-5-июнда Бишкек шаарындагы төрт жогорку окуу жайдын базасында республиканын жашоочуларын бекер текшерүүдөн өткөрүшүп, консультацияларды беришти. МЕДСИ клиникасынын өкүлдөрү ар түрдүү оорулуу бейтаптарды дарылоо боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен төлүшүп, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен МЕДСИнин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий