• 87
  • 90.43
  • 0.88

Саламаттык сактоо тармагында реформалар натыйжалуу ишке ашырылышы тийиш - Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 18-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 17-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнун билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу, анын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу, тактап айтканда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу диализдик кызматтын калкка жеткиликтүү болушун камсыз кылуу туурасында маалымат берилди.

Талантбек Батыралиев Президентке ошону менен бирге өлкөдө жаңы медициналык мекемелердин курулуштарынын жүрүшү, ооруканаларды куруу, ремонттоо жана модернизациялоо боюнча мындан аркы пландары жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо тармагында реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин баса белгилеп, медициналык жардам берүү системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий