• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сагынбаев: Биринчи кезекте саясий кызматтарды ээлеген адамдардын декларациялары текшерилет

Президент 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Биринчи кезекте саясий кызматтарды ээлеген, анын ичинде Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин Аппараттарында иштеген адамдардын декларациялары текшерилет. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 2-июлда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен болгон кезектеги жумушчу жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 1-июлунан тартып декларациялык кампания башталганын эске салып, бардык мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана чыгымдары тууралуу декларацияларын кылдат текшерүү зарылдыгын эскертти.

«Ар бир министрликте жана ведомстводо коррупциялык схемалар барбы-жокпу, ар бир чиновникти жекече текшергиле. Дагы бир жолу кайталайм — коррупцияга каршы күрөш кимдин кандай чини бар экенине жана кандай кызматты ээлегенине карабастан катуу жүргүзүлүшү керек. Жарандар коррупцияны жоюу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жана катуу чараларды күтүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин Чечимин ишке ашыруу тиешелүү деңгээлде жүрүп жатканын айтып берди.

Декларациялык кампания боюнча 2018-жылдын 1-июлунан тартып, декларация тапшырган бардык кызматкерлер текшерилет.

«Декларацияларды текшерүүнү жөнгө салуучу бүт ченемдик-укуктук база түзүлдү. Өкмөт декларацияларды текшерүүнүн механизмин аныктаган тиешелүү токтом кабыл алган. Биринчи кезекте саясий кызматтарды ээлеген, анын ичинде Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин Аппараттарында иштеген адамдардын декларациялары текшерилет», — деп белгиледи Дамир Сагынбаев.

Ал бул текшерүүнүн алгачкы жыйынтыктары 2018-жылдын сентябрь–октябрь айларында жарыяланарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий