• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков Ёсихидэ Суганы Япониянын премьер-министр кызматына шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ёсихидэ Суганы Япониянын Премьер-министр кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

«Кыргызстанга ар дайым колдоо көрсөтүп, достук мамиле көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн Япония мамлекетине терең ыраазылык билдирем. Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын өзгөчө деңгээли мени кубандырат.

Биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы Сиздин жеке колдооңуз менен ийгиликтүү өнүгө берет деп абдан ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Ёсихидэ Сугага чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Япония элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий