• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мээримдүү тыйын! Тез операцияга муктаж болгон балдар үчүн акча чогултулат

Коом 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Бишкекте 28-апрелде тез жардамга муктаж болгон балдар үчүн операцияга акча чогултуу максатында “Мээримдүү тыйын” аталыштагы кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду билдирет.

Кайрымдуулук акциясы акыркы 4 жылдан бери жылына эки жолу, май жана ноябрь айларында өткөрүлүп келет.

"2018-жылы декабрь айында 250 592 сом чогултулуп, 3 өспүрүмдүн операциясына сарпталган. Үч жылдын ичинде 20дан ашык жаш өспүрүм балдарга ийгиликтүү операция жасалды.. БУУнун “Түштүк-Түштүк” программасынын негизинде “Мээримдүү тыйын” акциясын жогорку деңгээлде бааланып, башка мамлекеттерге үлгү катары сунушталган", - деп билдиришти аталган фонддон.

Иш-чаранын башкы максаты – балдардын операциясына жумшалчуу акча каражатын чогултуу.

Акция “Bishkek Park" соода-борборунда саат 12:00дө башталат. Акцияга кыргыз эстрада жылдыздары катышат.

Пикир

Оставить комментарий