Мекемелерден алына турган маалымкаттардын акысын жеринде төлөө маселеси каралууда

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Мекемелерден алына турган маалымкаттардын акысын жеринде төлөө маселеси каралууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына, банктык комиссияларга сарпталган чыгашаларды киргизүү тапшырмалары берилген.

Ага ылайык, ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Анын биринчи жыйыны бүгүн, 12-июнда өттү. Жумушчу топко министрликтердин жана ведомстволордун, “Инфосистема”, “Инфоком” жана башка мамлекеттик ишканалардын, Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана төлөм системасынын операторлорунун өкүлдөрү кирген.

Пикир

Оставить комментарий