• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Мектеп мугалимдери предметтик билим берүү стандарттарын окушууда

Билим 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-августунан 10-сентябрына чейин КР Билим берүү жана илим министрлиги 7-11-класстардын мугалимдерин математикалык жана табигый илимий билим берүү багыттарынын предметтик стандарттарына окутуу үчүн жыйынтыктоочу окуу иш-чараларын өткөрүүдө, деп билдирет БИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул тренингдер 2018-жылдан 2021-жылга чейин өлкөнүн бардык региондорунда 7-11-класстардын 10 миң предметтик мугалимди масштабдуу окутууну камтыйт.

"Тренингдер салттуу офлайн режиминде санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле учурда 2020-жылдын ичинде предметтик стандарттар боюнча тренингдер онлайн режиминде өткөрүлгөнүн белгилей кетүү керек",-деп айтылат маалыматта.

Тренингдердин жүрүшүндө мугалимдер Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптары, негизги компетенциялар жана алардын жетишүү деңгээлдери, предметтик билим берүү стандарты менен сабактын планынын ортосундагы байланыш маселелери, ошондой эле класста колдонулуучу методдору жана ыкмалары менен таанышат.

Окууга Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын билим берүү уюмдарынын математика, физика, химия, биология жана география мугалимдери катышууда.

Тренингдерди техникалык жана каржылык жактан колдоо Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий