• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мектеп окуучулары 1нен 8-ноябрга чейин каникулга тарашат

Коом 0

Бишкек, 27.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын мектептеринде 1нен 8-ноябрга чейин күзгү каникул болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

КР өкмөтүнүн “Эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө” токтомунун беш күндүк окутуудагы мектептерге тиешеси жок жана ишемби, 28-октябрда, окуучулар окушпайт.

“Алты күндүк билим берүү мекемелери ишемби күнү демейдегидей эле иштешет”, - деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Эскерте кетсек, кыргызстандыктар 4нөн 7-ноябрга чейин эс алышат. Беш күндүк тартипте иштеген мекеме, ишканалар үчүн 28-октябрь эс алуу күнү 6-ноябрга жылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий