• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чыныбаева Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууну тездетүү боюнча багыттоочу кеңешме өткөрдү.

Жолугушуунун максаты – «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» боюнча «Мамлекеттик акселераторлор» программасын кеңейтүү.

Кеңешме ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин катышуусунда, ошондой эле КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарларынын, социалдык маселелер боюнча бөлүм башчылардын, тиешелүү министрликтердин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлеринин катышуусунда видеоконференц-байланыш форматында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик тездеткичтерин Бишкек шаарында жүзөгө ашыруу тажрыйбасы менен таанышып, региондордо ишке ашыруунун күтүлүп жаткан жыйынтыктарын жана республика боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий