• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү" стандартына өзгөртүүлөр киргизилди

Билим 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү" стандартына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн тегерек столдо билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, социалдык кызматта иштеген ата-энелер жеке бала бакчалардын акысынын 50%ын гана төлөп балдарын бере алат.

"Мурун мамлекеттик колдоону көп балалуу, багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр жана айлык акысы 10-12 миңден төмөн болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ала алышчу. Азыр социалдык кызматкерлер жана китепканада эмгектенген ата-энелер да өз балдарын жеке бала бакчаларга 50% акчасын гана төлөп бере алат. Калган каражатты мамлекет төлөп берет", - дейт министрдин орун басары.

Жусупбекова белгилегендей, болочок ата-энелер үчүн 9 өнүктүрүү борбору ачылган.

"Балдардын мектепке чейин билим берүүсүнө гана көңүл бурулбастан аларга кам көрүү боюнча 9 өнүктүрүү борбору ачылды. Ал жерден жаш жубайлар балдарга кандай тарбия берүү тууралуу билим, көндүмдөрдү ала алат. Формалдуу түрдө ата-эне деп аталганы менен балага кандай тарбия-таалим берүүнү баары эле биле бербейт. Биз муну эске алуу менен ушундай өнүктүрүү борборлорун ачтык", - дейт Жусупбекова.

ЮНИСЕФтин мектепке чейинки билим берүү боюнча адиси Александра Исаева стандартка 50дөн ашык өзгөртүүлөр киргизилгенин айтат.

"Стандарттын негизги жаңылыгы болуп - балдарга инклюзивдүү, көп тилдүү жана сапаттуу билим берүү, ошондой эле алардын ден соолугуна жоопкерчиликти күчөтүү, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин окутуучуларынын билим деңгээлин жакшыртуу болуп эсептелинет", - деди адис.

Исаева кошумчалагандай, "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү" стандарты 2007-жылы кабыл алынган, андан кийин 2012-жылы өзгөртүүлөр киргизилип, 2019-жылы жаңыртылган.

Пикир

Оставить комментарий