• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадага онлайн катышууда

Билим 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. 21-22-сентябрь күндөрү Бишкек шаарынын “Газпром Кыргызстан” мектебинде аралыктан видео көзөмөлдөө менен онлайн режимде жогорку класстын окуучулары арасында математика боюнча дүйнөлүк олимпиада өтүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, олимпиада жыл сайын ар кайсы өлкөдө өткөрүлүп, ага 5 континенттен 100 ашуун өлкө катышат.

Олимпиада Эл аралык математикалык олимпиадалык Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү Медеубек Кунгожиндин (Алматы, Казакстан) байкоочулугунун астында өткөрүлүүдө. Кыргызстандын атынан улуттук курамасынын машыктыруучу Ишматов Махамаджан.

61-эл аралык математикалык олимпиада сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу, олимпиада аралыктан өткөрүлүп, ар бир катышуучу берилген тапшырмаларды өз өлкөсүндө онлайн түрдө аткаруу шарты коюлган.

Пикир

Оставить комментарий