• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта 12 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Талас облусунда 12 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы каналга 12 жаштагы У. уулу И. аттуу бала түшүп кеткен.

Издөө иштерине 7 куткаруучу тартылып, саат 20:20да баланын сөөгү суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий