• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек жана Ош шаарларында, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустарында бирден, Чүй облусунда 5 тилсиз жоо катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.


Өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын күндөлүк маалыматына таянсак, Бишкектин Свердлов районундагы Т. Айтматов көчөсүндө жыгач устундуу шифер менен жабылган тигүүчү цех катары колдонулган турак үйдөн өрт чыккан. Жалындын аянты 80 чарчы метрди түзгөн. Үй-тиричилик буюмдары жана 9 даана тигүүчү машина күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 71-чакырымында оор жүк ташуучу унаанын 5 чарчы метрди прицеби күйгөн.

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Ак-Шаар айылында аянты 60 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үй толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий