• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жактоочу: Арстан Алай №31 түзөтүү мекемесинде каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.01.24./Кабар/. Арстан Алай деген каймана ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров 5-январда билдирди.

Белгилей кетсек, ал 2023-жылдын 15-декабрында УКМК диний кырдаалды жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында, ошондой эле КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Абдылдаевдин “Facebook”, “Instagram” жана “YouTube” социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, ошондой эле динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген.

Жашаган жеринде жана Чүй облусунун аймагындагы лекцияларын (мантра деп аталган) өткөргөн жайларында тинтүүнүн натыйжасында көп сандагы адабияттар, атап айтканда (китептер, брошюралар жана дептерлер), компьютерлер жана электрондук алып жүрүүчүлөр алынган.

Пикир

Оставить комментарий