• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Мэр: Бишкекте 25-январдан тарта пилоттук режимде "акылдуу жол чырактар" иштеп баштайт

Коом 0

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн 21 кесилишинде пилоттук режимде 25-январдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Мэрдин айтымында, бүгүнкү күндө борбордун жол чырактарын башкаруу системасына 128 миллион сом бөлүнгөн.

Комитеттин жыйында мэр кичи автобустарды борбордук көчөлөрдөн чыгаруу, автобекеттерди көчүрүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, автожолдорду кеңейтүү иштери тууралуу маалымат берди.

Комитеттин жыйынында каралган «Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук тыгындарды азайтуу жана автомобиль транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору Бишкек жана Ош шаарларында транспорттук тыгындарды азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугун, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандар үчүн ыңгайлуу, коопсуз шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан .

Мында, министрлер кабинетине мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Бишкектин айланасында айланма жол куруу планын иштеп чыгуу жана бекитүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат.

Муну менен катар транспорт агымдарына адаптациялануучу жол чырактарын башкаруунун интеллектуалдык системасын орнотуу, ошондой эле жолдорду, өзгөчө авария өтө көп болгон жерлерде жарыктандырууну жакшыртуу, бара-бара техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо менен, Бишкек шаарынын аймагынан темир жол борборлорун көчүрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү сунуштары камтылган.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү токтомдун долбоорун колдошту.

Пикир

Оставить комментарий