• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин мэри Жунушалиев “Жер-Ынтымагы” конушунун жашоочулары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жер тилкелери маселелери боюнча “Жер-Ынтымагы” конушуна көчмө жыйын уюштурду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мэр конуштун жашоочуларына КРнын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселеси каралып жатканын айтты.

“Бул маселени иликтеп, чечим кабыл алуу үчүн курамына “Бишкекглавархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Санитардык-экологиялык инспекциянын, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, “Кадастр” МИнин Бишкек шаарындагы филиалынын, Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын, Бишкек Сөөк коюу агенттигинин өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүү тапшырылды”, – деди мэр.

Жунушалиев учурда КР Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан техникалык паспорттордун маселесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КР министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыгып, коомдук талкуудан өткөрүлүп жатканын белгиледи.

"Аталган токтом долбоору кабыл алынгандан кийин турак жайдын жашоочуларына белгиленген тартипте турак жай куруу үчүн каттоо күбөлүктөрү берилет, бул аларга социалдык кызматтарды алууга мүмкүндүк берет", - деди ал.

Белгиленгендей, "Жер Ынтымагы" конушунун турак-жай курулушу Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жанында, санитардык зонада жайгашкан. Бирок санитардык нормаларга ылайык, 500 метрге жакын жерге үй салууга тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий