• 87
  • 89.68
  • 0.84

Бишкек мэриясы аймактарга кеткен жүргүнчүлөрдү автобекеттен кетүүгө чакырды

Коом 0


Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы өлкөнүн түштүк аймактарына кеткен жүргүнчүлөрдү автобекеттен кетүүгө чакырды.

Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев аймактарга кеткен жүргүнчүлөрдү шаар ичинен алып кетип жаткан айрым айдоочулар уктап эс албай эле киши ташып жатканын айтып, коопсуздук үчүн убактылуу уюштурулган "Аккула" ат майданы тараптагы автобекеттен кетүүгө чакырды.

Анын айтымында, автобекетте наркологдор бар. Аны менен катар айдоочулардын уктап эс алганы текшерилип анан жолго чыгууга уруксат берилүүдө.

"Айдоочуну Telegram, Whatsapp аркылуу таап эле кетип калбай, автобекетке келип тажрыйбалуу айдоочуларга отуруп кеткиле деп суранат элек. Шаардан, жолдон алып кеткендер үчүн жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу эмес, акча табуу маанилүү болуп жатат. Алар жакшы эс албай, жолдо ар кандай кырдаалга кабылууда. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарына каттаган каттамдардын жүргүнчүлөрүн "Аккула" ат майданы жактагы автобекеттен кетиңиздер. Бул автобекетке шаар ичинен №40,13 автобустар келет", - деди Жамалбек Ырсалиев.

Пикир

Оставить комментарий