• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

"Бишкексельмаш" ЖЭБин техжабдуу боюнча түркиялык компания менен инвестициялык келишим түздү

Коом 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Бишкексельмаш" ЖЭБ курулуш-эксплуатация-өткөрүп берүү модели боюнча техникалык жабдуу долбоорун ишке ашырууда кызматташуу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Инвестициялык келишимге Бишкек шаарынын мэриясы менен түркиялык “Алтай Энерджи” ААКнын ортосунда кол коюлду.

Жылуулук кубаттуулугу 240 МВт жана электр кубаттуулугу 100 болгон борборду курууда түрк тарап Кыргызстандын жашоочуларынын 50%ын тартууну пландаштырууда.

Тараптар жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга үмүттөнөрүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий