• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мэрия: Бишкекте 50 көчөдө тротуарлар жаңыланды

Коом 0


Бишкек, 19.10.23./Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы калаанын 50 көчөсүндөгү тротуарларды жасап, жаңылады. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.

“Биз 50 көчөдө тротуарларды жасадык. Иштер бир аз солгундап кеткен болчу. Мен барып көзөмөлгө алгандан кийин кайра калыбына келе баштады. Шаардыктарга шарт түзүү үчүн суук түшкөнчө калган жумуштардын баарын бүтүрөбүз. Жалпысынан 57 чакырым тротуар жасадык”, – деди Эмилбек Абдыкадыров.

Пикир

Оставить комментарий