• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жол кире кымбаттаса эмне өзгөрөт? Максатбек Сазыкуловдун жообу

Коом 0


Бишкек, 19.10.23./Кабар/. Жол кире көтөрүлсө шаардыктар үчүн коомдук транспортто бардык шарттар түзүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал учурда жолдун инфратүзүмүнүн концепциясы иштелип чыгып, августтан тарта аткарыла баштаганын айтты.

Ошондой эле Сазыкулов бул жылы президенттин жардамы менен 1000 автобус сатып алынганын, учурда анын 400ү келгенин айтты.

“400 автобустун 300ү каттамга чыкты. Калган 100 автобусту линияга чыгарууга даярдап жатабыз. Ал эми ушул жылдын августунда болгону 130 автобус-троллейбус бар болчу. 2023-жылдын аягына чейин 220 автобус келет”, – деди Максатбек Сазыкулов.

Учурда каттамга чыга турган автобустардын жүрүү графиги түзүлгөн. Алар таңкы саат 05:30дан кечки 23:00гө чейин каттамда болот.

Пикир

Оставить комментарий