• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коррупциядан түшкөн каражаттар мектептердин курулушуна жумшалат - Жээнбеков

Коом 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Коррупциядан түшүп жаткан каражаттар бар, аларга атайын эсеп ачылган. Ошол акчаларга Бишкек шаарында жана аймактарда мектеп куралы. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Акыркы убакта билим берүү тармагы боюнча талкуу абдан көп болуп жатат. Айрыкча мектептердин жетишсиздиги боюнча талкуу катуу болду, өзгөчө Бишкек шаарында. Талдоо көрсөткөндөй, айрым мектептерде окуучулар көп, айрым мектептерде аз болуп жатат. Ата-энелер сапаттуу мектептерге балдарын алып барууга аракет кылат. Башка мектептерде окуучулар аз болууда. Бул шаардагы ар бир мектепти терең анализ кылып, билим берүү системасында реформалар талап кылынганын айгинелеп турат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал бир шаардын ичинде жайгашкан мектептерде чоң айырмачылык болуп жатканын белгилеп, мында мектеп директорлорунун жана мугалимдердин жоопкерчилигин карап чыгып, окуучуларга карата сапаттуу билим берүү талаптарын күчөтүш керектигин айтты.

Окуучулардын саны көп болуп жаткан мектептерге кошумча корпустарды куруп, ал эми Бишкектин айланасындагы конуштарга жаңы мектептерди салуу маселелерин чечүү керек.

«Бул жакта көйгөй жаралбашы керек, мектептерди курууга каражат жетиштүү. Коррупциядан түшүп жаткан каражаттар бар, аларга атайын эсеп ачылган. Ошол акчаларга Бишкек шаарында жана аймактарда мектеп куралы», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент билим берүү министрине Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте жалпы билим берүү мекемелеринде окутуунун бирдей шарттарын түзүү максатында терең анализ жүргүзүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий