• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Мэрия Бишкектеги унаалардын кыймылына чектөө киргизүү тууралуу сунушуна түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бишкек мэриясы унаа кыймылына чектөө киргизүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Документ талкууга чыгары менен коомчулукта ача пикирлер айтылууда. Социалдык тармактын колдонуучуларынын айрымдары тыгын маселесин чечүүдөгү киргизиле турган мындай жаңы демилгени колдошсо, кээ бирлери бул акылга сыйбас көрүнүш деп сыпатташууда.

Ал арада “Кабар” агенттиги Бишкек шаарынын мэриясына кайрылып, автоунаалардын кыймылына чектөө киргизүү тууралуу сунушу боюнча комментарий алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мыйзам долбоору республикалык маанидеги шаарларда жол тыгындарын азайтуу, жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын кыймылы үчүн жагымдуу, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, шаарлардагы экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөйт.

“Мындай чаралар дүйнөлүк практикада колдонулат. Мисал катары чет мамлекеттердин жана шаарлардын тажрыйбасы да каралат. Нью-Делиде автоунаалардын кыймылын жөнгө салуучу жана шаардагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган эрежелер бар. Так номерлүү айдоочулар так күндөрү, ал эми жуп номерлүү айдоочулар жуп күндөрү шаарда жүрө алышат. Бул схема жекшембиден башка күндөрү саат 8.00дөн 20.00гө чейин иштейт”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия башка да бир катар мамлекеттерди мисал кылды. Маселен, Афинада мамлекеттик номери жуп сан менен бүткөн унаалар айдын жуп күндөрүндө гана жүрүүгө укуктуу, так күндөрү так номерлүү транспорттор жүрө алышат. Эреже иш күндөрү гана колдонулат.

Тегеранда жуманын күнүнө жана унаалардын номерлерине жараша транспорттордун чыгышын жөнгө салган программа колдонулат. Ишемби, дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү мамлекеттик номеринин акыркы саны жуп болгон унаалар гана шаардын эл көп жүргөн аймактарында, ал эми жекшемби, шейшемби жана бейшемби күндөрү так сандагы унаалар гана жүрө алат.

Монголиянын борборунда унаалардын номерине жараша кыймылга чектөө киргизүү эрежеси бар. Акыркы сандары 1 жана 6 болгон унаалар дүйшөмбүдө, 2 жана 7 - шейшембиде, 3 жана 8 - шаршембиде, 4 жана 9 - бейшембиде, 5 жана 0 - жума күнү жүрөт. Чектөө саат 8:00дөн 20:00гө чейин кыймыл эң көп болгон каттамдарда күчүндө болот.

Ушундай сыяктуу эле эрежелер Мадридде, Пекинде, Бразилияда колдонулуп келери белгиленди.

Мэрия мындай чаралар республикалык маанидеги шаарларда унаа тыгындарынан арылтууга көмөк берерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий