Бишкек, 08.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Метапневмовирус инфекциясы бул жаңы вирус эмес, бул өткүр курч вирустук инфекциялардын тобуна кирген вирустардын бири. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө башкармалагынын башчысы Динара Оторбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өткүр курч вирустук инфекциялардын тобуна бир нече вирустук инфекциялар кирет жана бул вирустун түрлөрү жылына адамдардын арасында ар кандай деңгээлде катталып турат.
“Аденовирус, респиратордук синцитиалдык вирус, риновирус, норовирус, метапневмовирус, парагрипптин 4 түрү, коронавирустун түрлөрү өткүр курч вирустук инфекциялардын тобуна кирет. Метапневмовирус инфекциясы башка өткүр курч вирустук инфекциялардан көп деле айырмаланбайт. Башка инфекциялар сыяктуу адам ооруп калган учурда мурдунан суу агат, мурду бүтөт, температура болуп, чыйрыгат жана тамагы, башы ооруйт. Оору мурда катталып жүргөн курч вирустук инфекциялар сыяктуу эле өтөт. Өлкөдө 2024-жылдын 40-жумасынан баштап бүгүнкү күнгө чейин лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде болгону 2 учур 2024-жылдын 49 жана 51-жумаларында катталган. Бул жылдын биринчи жумасында катталган жок. Учурда тынчсызданып, чочулоого негиз жок”, - деди Оторбаева.
Дарыгердин маалыматы боюнча метапневмовирус өткүр курч вирустук инфекциялардын бири катары расмий түрдө 2001-жылы Нидерландда аныкталып, метапневмовирус деп аталган. Ошондой эле метапневмовирусту изилдөөдө 1950-жылдардан тартып эле эл арасында катталып жүргөн вирус экендиги аныкталган.
Пикир
Оставить комментарий