• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кой-Таштагы окуя: Чүй милициясынын башчысына экинчи операция жасалды, абалы оор

Ден соолук 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Чүй облустук ИИББнин башчысы Самат Курманкуловго экинчи операция жасалды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн баардык аракетти кылышкан.

Учурда Курманкулов реанимацияда комага түшүп калган, жасалма жол менен дем алууда. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалашууда. Дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган. Чүй облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, оор абалда ооруканада. Атамбаевдин тарапташтары болсо атайын даярдыктагы 6 аскерди кармап алышкан.

Пикир

Оставить комментарий