• 87
  • 90.63
  • 0.79

Метапневмовирусту канткенде жугузуп албоо керек? Дарыгерден кеңеш

Ден соолук 0

Бишкек, 06.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана сасык тумоого чалдыккандардын сезондук жогорулоосу катталууда. Кытайда КРВИге кабылгандардын арасынан метапневмовирус жугузган учурлардын көбөйүшү кабарланды. Ал арада коңшу Казакстанда курч респиратордук вирустук инфекцияга кирген метапневмовирустун 30 учуру катталгандыгы айтылды. “Кабар” агенттигине Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева метапневмовирусту канткенде жугузуп албоо керектиги боюнча бир катар кеңештерди берди.

Дарыгер Айнура Узакбаева метапневмовирусту жугузуп албоо үчүн жарандар курч респиратордук вирустук инфекцияларды алдын алууга багытталган жөнөкөй эрежелерди сактоо керектигин айтты.

“Метапневмовируска каршы азыркы күндө дүйнөдө вакцина жок. Мындан улам жарандар метапневмовирусту жугузуп албоо үчүн сасык тумоого, курч респиратордук вирустук инфекцияга жана COVID-19га каршы көрүлгөндөй эле жөнөкөй чараларды сактоо керек. Мисалы, бат-баттан колду самындап жууп туруу, антисептикалык каражаттарды колдонуу, эл көп топтолгон жерлерге барганда беткап кийүү зарыл. Үйдүн терезесин ачып желдетип туруу керек. Сасык тумоолоп жаткан адамдар менен байланышуудан алыс болуу шарт. Азыр балдар кышкы каникулда болгондуктан, эл көп топтолгон жерлерге жана иш-чараларга баруудан карманып туруу кажет”, - деди ал.

Ошондой эле Айнура Узакбаева Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына метапневмовируска кабылгандар түшпөгөнүн, көбүнчө риновирус, аденовирус, грипп өңдүү КРВИлер чыгып жатканын белгиледи. Метапневмовирусту жугузуп албоо үчүн дарыгер иммунитетти чыңдоого маани берүү керектигин кошумчалады.

“Балдардын иммунитетине көңүл буруу керек. Тамактануусуна, таза абада сейилдөөсүнө маани берген туура. Чоңдордо инфекция жеңил жана симптому жок өтөт, бирок вирус бронхиолит, пневмония сыяктуу ооруларды чакырышы мүмкүн. Метапневмовирус ымыркайларга, улгайган адамдарга жана иммунитети төмөн жарандарга кооптуу. Ошондой эле өнөкөт оорулары бар адамдар, айрыкча астма, бронхит, жүрөк-кан тамыр оорулары бар жарандарда ооруну жугузуп алуу ыктымалдыгы жогору. Буга байланыштуу алар профилактикалык чараларды сактоону эстен чыгарбашы зарыл”, - дейт дарыгер.

Метапневмовирустун белгилери курч респиратордук инфекциялардын белгилерине окшош, анда жөтөл, мурундун бүтүшү, дене таптын жогорулашы өңдүү симптомдор байкалат. Мындан улам Айнура Узакбаева жарандар оорунун белгилери байкалган учурда жогоруда айтылган чараларды эске алып, өз алдынча дарыланбай, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу зарылдыгын эскертти.

Белгилей кетсек, саналуу күн мурда Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо боюнча абал туруктуу экенин маалымдаган. Министрлик абалды такай көзөмөлдөп, саламаттыкты сактоо мекемелерине мониторинг жүргүзүп жатканын айткан.

Пикир

Оставить комментарий