• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Саламаттыкты сактоо министрлиги быйыл 14,7 миллион сомго 9 автоунаа сатып алды

Ден соолук 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. 2018-жылы автоунаа сатып алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 14,7 миллион сом каралган. Бул тууралуу “Бишкек шаарынын алгачкы медициналык жардам көрсөтүү системасын оптималдаштыруу” аталышындагы тегерек үстөлдүн жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, бул каражатка 9 унаа сатылып алынган.

“Анын ичинен 6 “Тез жардам” унаасы 10,1 миллион сомго, дөңгөлөк үстүндөгү кеңсе 1,4 миллион сомго, сүт азыктарын ташуу үчүн атайын 2 автотранспорт 2,7 миллион сомго алынды”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий