• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп жатат

Аймак 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги XVI-сессиясы болуп жатат, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Сессиянын күн тартибинде 7 маселелени кароо бекитилип, талкууланууда.

Алар:

1. Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине дардыгы жөнүндө,

2. Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө,

3. Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктарды түзүүгө макулдук берүү жөнүндө,

4. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктү каттоо, эффективдүү пайдалануу, сактоо багытында аткарылып жаткан иштери жөнүндө,

5. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген “ Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө,

6. Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө,

7. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы “Сулайман-Тоо” волейбол клубун түзүүгө макулдук берүү жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий