• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Жалал-Абад шаарында мыкты эл өкүлдөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мыкты эл өкүлдөрү сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңештин депутаттары Уулкан Кожоева жана Талант Аким уулу "Жылдын мыкты депутаты" диплому менен 2021-жылы Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн сыйланды.

Сыйлыктарды шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды.

Жалал-Абад шаардык мэриясы эл өкүлдөрүн алган сыйлыктары менен куттуктайт.

Пикир

Оставить комментарий