• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мигранттар үчүн Эмгек министрлигинин 9 маалымат күркөсү иштейт. Дареги

Коом 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мигранттар маалымат күркөлөрүнөн кандай маалымат ала алышары боюнча билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, министрликтин маалыматтык күркөлөрү эмгек мигранттары чыгып жаткан 9 жерде иштейт.

Орнотулган күркөлөрдүн дареги:

- Бишкек шаарынын аэропортунда – 2;
- Ош аэропортунда – 2;
- Баткен аэропортунда – 1;
- Жалал-Абад аэропортунда – 1;
- Бишкек шаарынын темир жол бекетинде – 1;
- Эмгек министрлигинин чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунда Бишкек шаарында – 1 жана борбордун Ош шаарындагы филиалында -1.

Күркөлөр жарандарга миграция чөйрөсүндөгү укуктары жана адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн кандай кадамдарды жасоо керектиги жөнүндө маалымат берет.

Кандай маалыматтарды алууга болот:

• жарандардын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү менен байланышкан чыгымдар үчүн бир жолку төлөм алуунун тартиби жөнүндө маалымат ("жүк-200");
• Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин тизмеси жана алардын даректери (элчиликтер, консулдуктар, диаспора уюмдары ж.б.);
• Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү эмгек миграциясына байланыштуу актуалдуу жаңылыктар;
• коопсуз миграция маселелери боюнча маалымат, ишенимдүү байланыш операторлорунун телефон номерлери;
• коопсуз миграция жөнүндө кыска видеолорду көрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий