• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Милиция акыркы коңгуроо жана бүтүрүү кечелери учурунда коопсуздукту күчөтөт

Коом 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Милиция кызматкерлери акыркы коңгуроо жана бүтүрүү кечелери учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын борбордук аппаратынын кызматкерлерине май айынын аягында өтүүчү 9 жана 11-класстын бүтүрүчүүлөрүнүн акыркы коңгуроо иш-чаралары, ошондой эле 10, 20, 30-жылдык жолугуу кечелери учурунда ар кандай мыйзам бузууларга жол бербөө багытында ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

"Анда бүгүндөн тартып мектеп бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине жана мектеп мугалимдерине жолугуп, бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен уруксатсыз авто унаа каражаттарын айдатпоого, тоолорго, суу жээктерине, кечкисин эс алуучу кафе-клубтарга жөнөтпөө боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жана көзөмөлдөө тапшырмалары коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүтүрүүчүлөрдүн эс алууга кетип калуу, же ичимдик ичип, жол кырсыктарына кабылуу фактыларына жол бербөө багытындагы иш-чараларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий