• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Милиция кызматкерлери балдар үйлөрүнө материалдык жардам беришти

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Милиция кызматкерлери балдар үйүнө материалдык жардам беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИО кызматкерлери дайыма жардамга жана өзгөчө көңүлгө муктаж болгон балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүп келет.

Бүгүн ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Максат Кадыркулов жана Алмаз Ибраев Краснореченский айылындагы балдар интернатындагы балдар менен жолугушуу уюштурду.

Анда жалпы суммасы 150 миң сомду түзгөн акча каражатына күнүмдүк керектелүүчү чарбалык буюмдар жана таттууларды тапшырышты.

Ал эми Беловодское айылында балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барган ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги Бекболсун Бейшенов жана ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын инспектору Айбек Джапаркулов 147 миң сомго ылайык турмуш тиричиликке керектелүүчү каражаттарды, чарбалык буюмдарды жана таттуу азыктарды тартуулашты.

Балдар үчүн бакыттын башкы булагы албетте, ата-эненин жылуу кучагы жана мээрими. Тилекке каршы, өлкөбүздө эне мээримин көрбөй, сүйүүгө суусап өсүп келе жаткан бөбөктөрүбүз да жок эмес. Дал ушундай балдарга милиция кызматкерлери ар дайым кол сунуп, өзүнүн колдон келген жардамын аябай келет.

Пикир

Оставить комментарий