• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Лейлекте милициянын көчмө кабылдамасы кылмыштуулуктун алдын алууда

Аймак 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Лейлекте милициянын көчмө кабылдамасы Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү тейлеген район аймагынан 96 км алыстыкта жайгашкан Маргун айыл аймагынын Дархум, Даргаз, Маргун, Чурбек айылдарынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жолугушуу алыскы аймакта жашаган тургундарга сервистик тейлөө көрсөтүү максатында элдердин көйгөйлөрүн кабыл алуу.

Айыл тургундарына милиция кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомубулукка жол бербөө, мал уурулуктарга бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле жаш өспүрүмдөргө көзөмөлдү күчөтүүнү, алардын жүрүм-турумуна көз салуу боюнча элдерге эскертүүлөрдү берди.

КР президентинин ысырапкерчиликке бөгөт коюу боюнча чыккан жарлыгын жергиликтүү айыл башчылары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл тарабынан берилген суроолорго толук кандуу жоопторду беришти.

Пикир

Оставить комментарий