Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хейл менен телефон аркылуу сүйлөштү.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүү күн мурун, 2-мартта америка тараптын демилгеси боюнча болгон.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айдарбеков менен Хейл эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өз ара иш-чараларды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү позитивдүү маанайда талкууланды.
Пикир
Оставить комментарий