• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бизде баардык маселе боюнча түшүнүшүү болду – Жээнбеков Путин менен болгон тар чөйрөдөгү сүйлөшүү тууралуу

Саясат 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагындагы кыргыз тарап менен россиялык делегациянын отуруму башталды.

Эки тараптын сүйлөшүүсү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун сөзү менен башталды. Баарынан мурда, ал эки тараптын экономикалык, аскерий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү алдыга жылып жаткан кызматташтыгын белгилеп өттү.

"Биз соода, өнөр-жай, унаа жана интеграция жаатындагы кызматташууну кеңейтип, тереңдетип жатабыз. Аскерий жана аскерий-техникалык кызматташуу өнүгүүдө", - деди ал.

Ошондой эле президент, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө көрсөтүлгөн кезектеги жардам үчүн жана Россияны аймагында иштеген Кыргызстандын жарандары үчүн "миграциялык мунапыс" берүү боюнча маселени чечкени үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бул биздин Россиядагы мекендештерибиз үчүн чоң жардам. Азыр болуп өткөн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдө баардык маселе боюнча түшүнүшүү болду. Сиздин аракетиңиз менен Владимир Владимирович, биздин демилгелер колдоо тапты", - деди мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары бүгүн башталды. "Манас" эл аралык аэропортунда аны президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды. Расмий жолугушуу аземи мамлекеттик резиденцияда болду. Ал жаңыртылган протокол боюнча алгач ирет өттү.

Пикир

Оставить комментарий