• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россия Кыргызстанга 30 миллион доллар кайтарымсыз жардам берет

Саясат 0

Бишкек. 28.03.19 /Кабар/. Россиия өкмөтү Кыргызстандын бюджетине колдоо көрсөтүү үчүн 30 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет. Бул тууралуу орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

"Жакында эле, мартта, бул тууралуу али белгилүү эмес, Орусия өкмөтү кыргыздардын суранычы менен бюджетке колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстанга 30 миллион өлчөмүндө кайтарымсыз каржылай жардам берүү чечимин кабыл алды", – деди Ушаков.

Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу бүгүн, 28-мартка белгиленген. Тараптар ЖККУнун Канттагы аскер базасы туралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулашат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Орусиянын Канттагы аскер базасын кеңейтүү боюнча жаңы протоколго кол коюларын четке каккан жок.

“Орусиянын Бириккен аскер базасы боюнча макулдашууларга өзгөртүү киргизүү боюнча протоколго кол коюлары күтүлүүдө. Бул боюнча тиешелүү мекемелердин арасында сүйлөшүү уланып жатат. Анын деталдарын ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Анткени сүйлөшүү азыр да уланып жатат”, – деген ал.
Жолугушууда 30га жакын келишимге кол коюлат.

РФ 2017-жылы июнда Кыргызстандын 240 миллион доллар мамлекеттик карызын кечкен.

Пикир

Оставить комментарий