• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министр Исакунова эмгек өргүүсүндө жүрүп, өкмөт башчынын уруксатысыз Аргентина жана АКШга барган – депутат

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева өзүнүн Facebook баракчасында анын колуна социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунованын эмгек өргүүсүндө жүрүп, өкмөт башчынын уруксаты жок Аргентинажана АКШга баргандыгын тастыктай турчу документтер түшкөндүгүн жазган.

Ал акырындап бардык документтер келе баштады, чек ара кызматынан келген маалыматтар баарын тастыктады деп билдирген.

“Мен бир эле эпизодко токтолоюн. Министр Таалайгүл Исакунованын АКШ жана Аргентинага сапары. Премьердин макулдугу болгон эмес (тастыктоочу документ тиркелген). Эмгек өргүүсүн алган даталар ушул сапарга туш келет (документ тиркелди). АКШга барган сапары боюнча министрден отчет жок, себеби премьерден уруксат да алган эмес, бул сапар боюнча маалымат да берген эмес. Ал эми АКШга болгон сапар акыркы кезде бала сатуу боюнча чуу жараткан бала асыроо темасына арналган”, -деп жазган ал өзүнүн интернеттеги баракчасына.

Азыркы учурда эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий